Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери сентябрь жана октябрь айларына эмгек акыларын ала алышкан жок. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналында жарыялады.

Анын айтымында, иш бөлүмүндө иштегендер дагы акчасыз калышкан. Эл өкүлү муну мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 30 миллиард сом менен байланыштырат.

«Каражат табылат деп ишенем. Макул, депутаттардын айлыгы жок, бирок катардагы кызматкерлерге төлөп берсе болот », — дейт Дастан Бекешев.