Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 9-11-ноябрда Түркияда иш сапары менен болот. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган.

Билдирүүгө ылайык, министр түрк бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланат.

8-ноябрда министр Казакбаев Түркиянын борбор калаасы Анкара шаарында иштеген кыргызстандык мигранттар менен жолугушуп, шайлоо жараянындагы мигранттардын орду, виза көйгөйү жана кыргыз дипломдорунун тең күчтүүлүгү талкууланды.

Ошондой эле Казакбаев иш сапарында Стамбул жана Анкара шаарындагы айрым ишкер чөйрө менен да жолугушуулары кабарланды.

Эске салсак, 3-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстан менен кызматташкан ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен да жолугушкан.