Өкмөт: 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү насыясы барларга жардам берилет
Өкмөт банктардан насыя алган жарандарга колдоо көрсөтүү маселесин карайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушууда президенттин м. а өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, каржылык булак аныкталды, жардам 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү насыясы барларга берилет жана бул үчүн бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом жумшалат:
“100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык пайыздык үстөгү боюнча жардам беребиз. 100 миңге чейинкилерге гана. Бул – аябай начар турмушта жашагандар, 20 миң, 50 миң же 80 миң алгандар. Андан өйдө мамлекеттин күчү жетпейт экен. 10-15 күндөн бери ушул маселенин үстүндө иштеп жатканбыз. Акыры кечээ чечиштик”.
Жапаров кошумчалагандай, жардам 600 миңдей үй-бүлөгө берилет. Алар үч айдын –декабрь, январь жана февралдын үстөк пайызын же негизги сумманын кайсы бир бөлүгүн төлөөдө жеңилдик алышат.