Саясат

Садыр Жапаров ШКУ Мамлекет башчыларынын кеңешинин онлайн жыйынына катышат

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңешине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу пландаштырылууда. Жыйын соңунда бир катар жыйынтык документтер кабыл алынат.

Эскертүү: 2001-жылдын 15-июнунда Шанхайда (КЭР) Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы тарабынан Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөндүгү жарыяланган. Ал туруктуу эл аралык уюм. Кызматташтыктын негизги багыттары экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, энергетикалык өнөктөштүк, илим жана маданият жаатында өз ара аракеттешүү, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм жана наркотрафик менен күрөшүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө уюмдун мүчөлөрү — Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Байкоочу мамлекеттер: Афганстан, Беларусь, Иран, Монголия.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button