Коом

Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык билими бар адистерди кадрлар резервине чакырууда

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык билими бар адистерди кадрлар резервине катталууга чакырып жатат.  

Министрдин санариптештирүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев резервге катталууну каалаган адистер министрликтин сайтына дареги аркылуу кирип арыз калтыра ала турганын билдирди.

“Сиз менен сөзсүз түрдө байланышат. Сиз бизге керексиз, сиз кыргыз элине керексиз, сиз Кыргызстанга керексиз!”, — деп жазган Жангазиев.

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык билимге эгедер дарыгерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер жана ошондой эле ординатор, студент, ыктыярчыларды катарына кошууга даяр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button