Акыркы учурларда малдардын катышуусу менен жол кырсыктары орун алып жаткандыктан, Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери жер-жерлерде мал ээлеринин арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө. Бул ишке райондук мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү да активдүү тартылууда.
Жол коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 10 айында облустун аймагында малдын катышуусу менен 134 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болсо, 9 адам денелеринен ар кандай жаракат алышкан. Жүздөн ашык унаа каражаттарынын ээлери материалдык чыгымдарга туш болушкан.
Ушундай түзүлгөн шартта Ысык-Көл ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, Жол кыймылынын бардык катышуучуларына арналган эрежелердин 1.2 пунктуна ылайык малды айдоочу жол кыймылдын процессине түздөн-түз катышкан адам болуп саналат.
Мал айдоочуларга Жол кыймылынын бардык катышуучуларына арналган эрежелердин 24 бөлүгүндө белгиленгендей төмөндөгү талаптар каралган:
24.5 пункту боюнча: Малды жол аркылуу, эреже катары, күндүзү айдоо керек. Жергиликтүү маанидеги жолдорду кошпогондо, аларды автомобиль жолдорунун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш.
24.7 пункту боюнча: Арабаны (чананы), минилүүчү, көлүк малдарды жана малдын тобун айдоочуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
— малды жолго кароосуз калтырууга;
— атайын бөлүнгөн жерлерден башка жерде, ошондой эле караңгыда жана айлана начар көрүнгөн шартта малды темир жол жана жол аркылуу айдоого (буга ар кандай деңгээлдеги мал айдоочу жерлер кирбейт);
— башка жолдор бар туруп асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жол боюнча мал айдоого;
— чегилбеген малды кыймылдын багытында арабадан бир метрден ашпаган аралыкка оң жакка байлабастан арабаны (чананы) башкарууга.
Жол кыймылынын бардык катышуучуларына арналган эрежелеринде көрсөтүлгөн жогорудагы пунктардын талаптары аткарылбаса, анда мал айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 125 беренесинин 1 бөлүгү (Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, көлүк унаа башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) боюнча 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынышы мүмкүн.
Мындан тышкары, эгерде соттук-техникалык экспертизанын жыйынтыгы жол кырсыгы малдын күнөөсү менен болгондугун тастыктаса, анда мал айдоочуга карата унаа каражатына келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилиги колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле, ушундай жол кырсыгынан унаа каражатында бара жаткан адамдар жабыркаса, алардын дарылоосун камсыз кылууга мажбур болот. Ал эми, адам каза болуп калса, анда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 135 (Этиятсыздыктан киши өлтүрүү) беренесинин негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлеринин айтымында, учурда бир жылкынын орточо базар баасы 70 миӊ сомдун тегерегинде. Аталган акча каражатына 350 түктөн ашык чөп сатып алып, өзүнүн чарбасындагы башка малдарды кыштан аман-эсен чыгарууга толук шарт түзүлмөк. «Ушундан улам, кароосуз калган жылкысы жол кырсыгына катыштыгы болуп, бөдө жерден өлүп калса, кандай чыгымга дуушар болушуна ой жүгүртсө. Мындан тышкары, жолдун боюндагы кароосуз калтырылган малдар, адамдын өмүрүнө да коркунуч келтирерин унутпаса, жакшы болмок», — дейт милиция кызматкерлери.
Учурда облустун автожолдорунда малдардын катышуусу менен жол кырсыктары орун алып жаткандыгын көӊүлгө алып, Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБы жергиликтүү тургундарга кайрылып, аларды үй жандыктарына сак болушун, мал айдап келүүнүн белгиленген тартибин бузбоого жана автожолдордо коопту кырдаалдарды түзбөөгө чакырып кетүүдө.
Айдоочуларга да мал жайылып жаткан жерлерди, же болбосо алардын жолго кокусунан чыгып калуусун көрсөткөн жол белгилерине автоунаалары менен жакындап жаткан учурда өтө сак болуп, жол кырсыгына учурабаш үчүн тийиштүү ылдамдыкты сактоо керек экендигин эскертишет.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы