Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 100 миң долларлык дары-дармектер берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, дары каражаттарын Европа Биримдигинин финансылык колдоосу алдында ЮНИСЕФ сатып алган. Алардын ичинде амоксиклав, цефтриаксон жана гепарин бар.