Мамлекеттик бажы кызматы “Санарип тамга” пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда бажы кызматы аталган кызматтын ишин санариптештирүү боюнча бир катар ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууда. Ошентип, бажы жол-жоболорун санарип форматка өткөрүү жана өткөрүү пункттары аркылуу жүктөрдү өткөрүү убактысын тездетүү алкагында Мамлекеттик бажы кызматы Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Борбор Азиядагы соода жол-жоболорун жеңилдетүү” программасынын колдоосу менен 16-ноябрдан 22-ноябрга чейин «Достук» өткөрүү пункту жана Түштүк-Батыш бажысынын базасында пилоттук режимде «Санарип Тамга» инновациялык долбоорлорунун бирин ишке киргизди.

КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан демилгеленген система өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоочу органдар жүргүзгөн тиешелүү жол-жоболорду оптималдаштырууну билдирет. Иштелип чыккан программалык камсыздоо чек арадагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен МБКнын базасына берилген алдын ала маалыматтарды бөлүшүүгө, товарлар жана транспорттук каражаттары жөнүндө маалыматты ар бир мамлекеттик орган үчүн автономдуу системаны киргизбестен иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Башкача айтканда, чек арадагы мамлекеттик контролдоочу органдар тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары тарабынан бажы кызматына алдын-ала берилген маалыматты 30 күндүн ичинде, бирок товарлар автоунаа өткөрүү пункттарына келгенге чейин эки сааттан кем эмес пайдалана алышат.

“Бул иш-чара тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда жагымдуу шарттарды түзүүнү жана товарларды өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүүдө тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн убакыт чыгымдарын кыскартуу аркылуу транзиттик өлкө катары республиканын жагымдуулугун жогорулатууну камсыз кылат. Ошондой эле өткөрүү пункттарында контролдун бардык түрлөрүнүн өтүү убактысын туруктуу мониторингдөө үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт. “Санарип Тамга” бажы кызматынын мамлекеттик органдар жана бизнес коомчулугу менен өз ара аракетин сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрөт”, — деп айтылат маалыматта.