Лейлек районундагы Максат айылы Таджикистан менен чек аралаш аймакта жайгашкан. Бул айылда коомдук уюмдар тарабынан элдердин жашоо-тиричилигин жакшыртуу багытында бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Ошондой долбоорлордун сап башында Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын колдоосу менен «Инсан-Лейлек» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору болуп саналат.
Бул долбоор алкагында жогоруда белгилеп өткөндөй чек ара айылында жашаган аз камсыз болгон кожолуктардан 25 аял жашоо шартын жакшыртуу боюнча кошумча киреше табуу багытында окууларга катышууга мүмкүнчүлүк алган. Топтогу мүчө аялдар менен жолукканда кошумча киреше берүүчү ишмердүүлүк катары тигүүчүлүк менен кол өнөрчүлүктү тандаган. Тигүүчүлүктүн жаңы усулдарын, тигүүчүлүк, аялдардын көйнөктөрүн бычып-тигүүнү үйрөнүү боюнча топтун мүчөлөрү кошумча киреше берүү багытында 2 күндүк билим алышкан. Мындан сырткары, бизнес план жазуу, финансалык жана медиа сабаттуулук багытында ушул эле аялдар кошумча окууларга тартылды.
Окуудан өткөн бул аялдар бизнес план сунушун жазган. Бул сунуш донорлор тарабынан колдоо тапса кеминде 60% аялдар жумуш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүнө киреше алып келип, өздөрүнүн экономикалык абалдарын оңдошору бышык.
Жыйынтыгында, долбоорго катышкан Максат айылынын 25 тургунуна Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын алкагында азык-түлүк түрүндө 150 кг ун, 15 литр өсүмдүк майы таркатылды.