Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Бишкек—Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда  атайын жылынуучу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Пункттарда кан жолдогу чукул кырдаалдарда, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарттар каралган.

Кечээтен бери күчөп калың жааган кардын кесепетинен ашууларда жана жолдордо көптөгөн унаа кырсыктары болуп, жол тыгындары пайда болгон. Учурда жолдордогу кар тазаланып, керектүү каражаттар себилип коопсуздук чаралары көрүлүүдө.