Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Социалдык фонддун бюджетинин долбоорлору каралды.
Тагыраагы, Социалдык фонддун 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун кабыл алуу, 2020-жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жана келе жаткан 2021-жылдын бюджети, 2022-2023-жылдарга карата божомолу боюнча маселелер талкууга алынды.
Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров 2022-2023-жылдарга божомолду караганда 762 млн жана 667 млн сом танкыстык пайда болуп жатканын белгилеп, анын себептерин тактап, соцфонддун бюджетин түзүүдө Өкмөттө бирдиктүү саясат жок экенин сынга алды
Маалым болгондой 2021-жылы Соцфонд республикалык бюджеттен 24 млрд сом сурап жатат. Бирок Каржы министрлиги 22 млрд бөлүп берүүнү пландоодо. Мында 2 млрд сомдон ашуун айырмачылык чыгууда. Депутаттар Социалдык фонд 50%га бюджетке көз каранды болуп калганына тынчсыздануусун билдирип, айыл-чарбасынан пенсиялык фондго төлөм алууда да мыйзамдарды кайра кароо керектигин сунуштоодо.