Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук-саясий ишмер, акын жана ишкер Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд түптөлдү. Мындай маалыматты Чыныбай Турсунбековдун жакындары социалдык тармактарга бөлүштү.
Фонддун башкы максаты:
Кыргызстан журналисттерин, жаш окумуштууларды жана акын-жазуучуларды колдоо жана сөз эркиндигин өркүндөтүү.
Фонд уч багытта иштейт:
• кыргыз тили жана адабияты багытында илимий иликтөөлөр менен алектенип жүргөн жаш окумуштууларды колдоо;
• Кыргыз Республикасынын маданий мурасына бараандуу салым кошкон жаш акын-жазуучуларга колдоо;
• Кыргыз Республикасынын журналистика жанрынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү;
Фонддун максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруудагы өзгөчө салымы үчүн фонддун атынан сыйлыктар жана стипендиялар уюштуруулат.
Бул максатта фонд жыл сайын төмөндөгү номинациялар боюнча сынактарды өткөрүп турмакчы:
• кыргыз адабияты (проза, поэзия) – 2 байгелүү орун;
• журналистика — 2 байгелүү орун;
• илим (кыргыз тили жана адабияты) — 2 байгелүү орун.
Жеӊүүчүлөр дипломдор жана 100 000 сомдук акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Байге фонду 600 миң сом түзөт. Байге тапшыруу аземи жыл сайын Чыныбай Турсунбековдун туулган күнүнө карата өткөрүлүп турат.