Бул тууралуу “Биринчи радиого” Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жол кайгуул бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ахмет Нурмамбетов билдирди. Анын белгилешинче, учурда Бишкек шаарында 800 кызматкер кызмат өтөп жатат.
Эске салсак, Ички иштер министрлигинин жаңы түзүлгөн Кайгуул кызматы Бишкекте 2019-жылдын 31-октябрдан тарта ишке кирген. 2020-жылдын 7-декабрынан тарта Ош шаарында Патрулдук милиция иштей баштады. Ал жалпы коомдук коопсуздукка көзөмөл кылат. Милиция өзүнө бекитилген аймакты кыдырып, мыйзам бузууларды каттап, кылмыштуулуктун бетин ачып, жарандарга укуктук тейлөө кызматтарын көрсөтүшөт.