Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны октябрь айына салыштырмалуу 4,6 эсе азайды.
Бул тууралуу “Биринчи радиого” саламаттык сактоо министригинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын белгилешинче, адамдын кыймыл аракетине жараша ковид-19 боюнча эпидемиологиялык абал дагы көтөрүлүп жана төмөндөп жаткандыгын байкоого болот. Ошол эле учурда адис , жарандарды дагы деле санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 75 миң 690 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 67 миң 873 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 301и каза болду.