Коом

Акыркы суткада 379 адам вирус жуктуруп, 527 бейтап айыгып, 3 жаран каза болду

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясына 379 киши кабылып, ушул эле оорудан 527 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек — 120;
  • Ош — 8;
  • Чүй облусу — 98;
  • Ош облусу — 11;
  • Талас облусу — 10;
  • Нарын облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу — 81;
  • Жалал-Абад облусу — 29;
  • Баткен облусу — 15.

Жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 76 391ге жетти.

Соңку сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 140;
  • Ош шаары — 16;
  • Чүй облусу — 104;
  • Ош облусу — 36;
  • Талас облусу — 21;
  • Нарын облусу — 11;
  • Ысык-Көл облусу — 41;
  • Жалал-Абад облусу — 86;
  • Баткен облусу — 72.

Ушуну менен өлкөдө жугуштуу дартты жеңгендердин саны 68 894кө жетти.

Ал эми COVID-19дан Бишкек шаарынан жана Ош менен Талас облусунан үч бейтап көз жумган. Жалпы көз жумгандар 1 306га жетти.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button