Бишкек шаарында 4-декабрдан 10-декбарга чейин 7 миң 453 жол эресин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир жума ичинде 71 мас айдоочу кармалган.
Ошондой эле:
— Унаасынын айнектерин караңгылатып айдап жүргөндөр – 8;
— айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөндөр – 104;
— Башка жол эреже бузуулар – 7 миң 270.
Ошол эле учурда 406 унаа айып аянтчасына коюлган.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочулар менен жөө адамдарды жол эрежесин сактоого чакырат.