Кытайга суук аба ырайы келди. Мохе шаарында абанын температурасы минус 44 градуска чейин түштү. Бирок, ызгаар өлкө тургундарын коркута алган жок.
Хейлунцзян провинциясына кооз сүрөттөрдү тартуу үчүн миңдеген турист агылып келди. Алар ысык сууну чачып, кайнак суудан фейерверк уюштурушат, анткени ал суукта дароо тоңуп калат.
Мындай көрүнүш абдан кооз, ошол себептен социалдык тармактарда популярдуу болуп кетти. Мохэ Кытайдын арктикалык шаары деп аталат. 1969-жылы температура минус 52 градуска чейин төмөндөгөн.
Булак: Биринчи радио