Ички иштер органдары издөөгө алынып, башка өлкөнүн аймагында жышырынып жүргөндөрдү аныктоо жана кармоо боюнча иштерди улантып жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тергөөдөн, соттон изин жашырып, ар кандай кылмыштарды, анын ичинен экономикалык багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттик аралык издөөдө жүргөндөрдү издөө жана кармоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны, Ош облусунун тургуну 1967-жылы туулган С.Ш.  кармалды.

Жогорудагы жаран Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда, 3-бөлүгүндө (Алдын ала сүйлөшүү аркылуу адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

2015-жылы жаран С.Ш. өзүнүн шериктери менен жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип, банкты ачуу шылтоосу менен акча каражатын алып, изин жашырып качып кетишкен. Жыйынтыгында жабырлануучуга 2 350 000 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Азыркы учурда издөө алган тарап-Кадамжай РИИБи кабарланды. Мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.