Бүгүн, 15-декабрда экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кайрадан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка келди.

Сурактан мурун ал журналисттерге 530 га өз ыктыяры менен берилген жер анын туугандары тарабынан ижарага берилген жер экендигин айткан.

«Менин айылдаштарымдын ортосунда белгилүү бир карама-каршылыктар болгон, ошондуктан бул жерлерди пайдаланган бир туугандарым, аларды мамлекетке – айыл өкмөткө кайтарып берүүнү чечишти. Ар кандай мезгилдерде менин туугандарыма карата нааразычылыктар келе баштады, бирок, тилекке каршы, мен анын артында тургам окшойт», – деди Сарпашев.

Тайырбек Сарпашевдин айтымында, анын агалары дыйканчылык менен алектенишет, ошондуктан алар жер алышкан.

«Мен алар менен аянты 1000 чарчы метрди түзгөн бир объект жөнүндө сүйлөштүм. Бул жай окуу борборуна, мектепке ылайыктуу. Баалоочулар карап чыгышат. Бир туугандар айыл өкмөттү билим берүү максатында пайдаланууга кайтарып беришмекчи. Аны алар 20 жыл мурун алышкан. Тергөө учурунда дарегин айтып берем. Аталган объект Токтогул районунда жайгашкан », – деди ал.

Булак: Кыргызтудей