Коом

Төрт-Гүл суу сактагычында 80 млн м3 суу топтолду

Баткен районун жанаБаткен шаарын сугат суу менен камсыздаган Төрт-Гүл суу сактагычы 90 млн м3 сууга ыңгайлашкан. Бүгүнкү күндө аталган суу сактагычта 80 млн м3 суу топтолду.

Натыйжада суу  эки жарым айга эрте топтолуп, жакынкы күндөрү кышкы сугат суу берүү мүмкүнчүлүгү пайда болууда.

Суу сактагычтагы суунун көлөмү январь айынын орто ченинде 90 млн.м3к а жетүүсү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек 2020-жыл кургакчыл келип, Ак-Суу дарыясындагы суунун агып келүүсү 30%га аз болгондугуна карабастан, пандемияга байланыштуу, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында, жылдагыга салыштырмалуу 200 гектарга  жер көп  айдалып, 20 млн м3 суу көп сарпталган.

Ошого карабастан бүгүнкү күндө Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көзөмөлү күчөтүлүп, суу топтоо планы жылдагыдан эрте аткарылууда.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button