Бүгүн 16-декабрь 2020-жылы Эркектер кесибин аркалаган аялдарга арналган «Биздин колубуздан келет» аттуу көчмө кербени Баткен шаарында өттү.
 
Көчмө кербендин максаты — Сейрек кездешүүчү кесиптерге иштеген элеттик аялдардын ийгиликтүү окуялары жана үлгү алуучу аялдар менен интерактивдүү жолугушууларды өткөрүү аркылуу гендердик стереотиптерди кыскартуу.
 
Көчмө кербени театрлаштырылган «YesSheCan» аттуу көрсөтүү, үлгүлүү моделдердин окуяларын айтып берүү, «Өз кесибиң – өз тандооң» гендердик басмырлоого каршы коммуникациялык кампаниянын презентациясы жана атайын даярдалган подкаст жана видеотасмаларды көргөзүү менен коштолду.
Бул иш-чара «Аялдар жана эркектер кесиби. Стереотип көндүмдөр менен күрөшүү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен өтүп жатат.