Коом

ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын демилгеси менен уюштурулган диний экстремизмдин алдын алуу максатында, «Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада 2020-жылдын 6-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын аймагында алдын алуу иш-чаралары мерчемделип, анын алкагында жер-жерлерде калк арасында өткөрүлүп келе жатат. 

Аталган иш-чаранын негизинде 2020-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички Аскерлеринин № 704 бөлүгүнүн офицерлерине жана жоокерлерине, Жалал-Абад шаарынын жаш активисттерине, казыят кызматкерлерине, борбордук мечитинин жамаатына өткөн болсо, 16-декабрь күнү Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында орто билим берүү мекемелеринин мугалимдерине, жаш активисттерге, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлик өкүлдөрүнө, социалдык педагогдорго жана Сузак РИИБнин  кызматкерлерине экстремизмди алдын алуу боюнча семинар, лекциялар өтүлүп, аягында катышуучулар менен талкуу, суроо-жооптор болду.

Мындан тышкары, Сузак районунун Сузак жана Ырыс айылдарынын мечиттеринин жамаатына, имамдарга, жергиликтүү тургундарга  «Жаштардын радикалдашуусу: себептер жана факторлор» деген темада лекция окуп, талкуу, суроо-жооптор айтылды. Талкуу учурунда жаштардын туура эмес диний билим алуусу, эктремисттик уюмдардын катарына кошулуп кетүүсүнүн негизги себептеринин бири деп белгиленди, Кыргыз  Республикасынын ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКнын кызматкерлери экстремизмдин алдын алууда укук коргоо кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар, орто билим берүү мекемелеринин мугалимдери, жергиликтүү тургундар биргеликте кызматташып иш алып баруусу маанилүү экендигин кызматкерлер баса белгиледи.

Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларда санитардык эрежелер, социалдык аралык так сакталып, катышуучуларга жеке коргонуучу каражаттары (беткап, антисептик) таратылды.

Аталган семинар, жолугушуулардын аягында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан диний экстремизмдин алдын алуу боюнча даярдалган 5000 ден ашык усулдук китепчелер, буклеттер, эстеткичтер, таратылды.

Ушундай эле профилактикалык иш-чаралар 2020-жылдын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен райондорунда өткөрүлмөкчү.

 

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button