Коом

ИИМ: Баткенде абал тынч, Ак-Сай–Ворух жолунда автоунаа каттамдары жүрүп жатат

2020-жылдын 16-декабрында кечки саат 20:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай –Ворух жолун тосуп чыгышкан. Буга Ак-Сай айылынын Бакай участкасынын тургунунун 8 айлык 2 тайы өзүнүн короосунан коңшулаш Тажик Республикасына өтүп кеткендиги себеп болгон.


Бул маалымат Баткен РИИБнин МЭЖине катталып, текшерүү иштери башталган.
2020-жылдын 17-декабрь күнү Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасында Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги А.Мамасейитов, Баткен РИИБнин начальниги милициянын полковниги А.Шагамурзаевтер коңшулаш Тажик Республикасынын Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору А.Навджуванов, Исфара-2 РИИБнин начальниги милициянын полковниги Ш.Фирдаус менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлери биргеликте иш жүргүзөрүн, чек ара тилкелеринде кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Мындан сырткары чек ара тилкелеринде эки өлкөнүн ички иштер органдары өз алдынча кайгуулдарды жүргүзө тургандыгы белгиленди.
Азыркы күндө коомдук абал тынч, Ак-Сай-Ворух жолунда автоунаа каттамдары жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button