Коом
Кыргызстанда 188 миң оң рулдуу автоунаа бар
Кыргызстанда 188 миң оң рулдуу автоунаа бар. Бул тууралуу КР Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
МККнын маалыматына таянсак, “Унаа” мамлекеттик мекемесинде жалпысынан 1 миллиондон ашык жеңил унаа катталган.
Алардын көпчүлүгү 2005-жылга чейинки чыгарылган унаалар, алардын саны дээрлик 934 миңдей. 100 миңге жакыны мындан 10-15 жыл мурун чыгарылган унаалар. 35 миң «жаңы» автоунаалар алар 2010-2015-жылдары чыгарылган. Акыркы беш жыл ичинде чыгарылган автоунаалардын саны беш эсе аз.