Ош шаарында 2020-жылдын 7-декабрь күнүнөн баштап милициянын кайгуул кызмат бөлүмү өз ишин баштады. Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлеринин негизги милдеттери болуп коомдук жайларда коопсуздуктун алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болуп эсептелет. Ош шаарынын аймагында жарандарыбыздын кайрылуусуна, 102 байланышы боюнча келип түшкөн чакырууларды камсыз кылышат.
Ош шаары 11 чарчы тилкесине бөлүнгөн, 15 маршурттары боюнча жөө патрул жана 22 кызматтык унаалар менен авто патрулу эки нөөмөттө кызмат алып барат. Бүгүнкү күндө Ош шаарында милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн биринчи этабы менен 114 кызматкери талапка ылайык бардык техникалык жабдуулар менен камсыздалып иштей башташты.
Ош шаары боюнча 219 бош орунга 497 талапкердин арыздары кабыл алынып, алардын 129 талапкер конкурстук тандоодон ийгиликтүү өтүп ИИМдин атайын окуу жайына 3 айлык окутуу курсун баштаган. Ошондой эле 90 бош орунду ээлөөгө экинчи этабы азыр жүрүүдө. 2018-жылы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен милициянын кайгуул күзөт кызматын бириктирип Милициянын кайгуул кызматын түзүү боюнча реформалоо чечими кабыл алынган.
ИИМдин Басма сөз кызматы