Коом

“Бишкек жашыл чарба” ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Дербишев Урмат Маликович “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

Урмат Дербишев буга чейин өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында иштеген.

Белгилей кетсек, буга чейинки жетекчи Элнура Жолдошева өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button