Коом

Интерньюс аймактык журналистика боюнча координатор иш орунуна сынак жарыялайт

Медиа-К долбоору 2021-жылы кыргыз тилдүү журналистиканын өнүгүүсү үчүн стипендиалык программасын ишке киргизет.

 Программага катышуу арыздарын кабыл алуу 2021-жылдын январь айында башталат.    

Ошондой эле аймактык журналистиканы өнүктүрүү боюнча кийинки иш-чаралар пландалып жатат:

  • Кыргыз тилдүү аймактык медианын аракеттери менен аналитикалык программаларды жана ток-шоуларды түзүү
  • Коомдук ММКларды бекемдөө, жергиликтүү жамааттар деңгээлинде коомдук диалогдорду жана талкууларды уюштуруу
  • Контент түзүү аркылуу аймактардагы жаштар менен иш алып баруу

2021-жылы бул багытты координациялоо максатында Интерньюс кийинки критерийлерге туура келген кызыкдар тараптарды сынакка катышууга чакырат:

  • журналистика жаатында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар (айрыкча кыргыз тилдүү сегменттеги)
  • журналисттин кесиптик этикасын, сапаттуу контент түзүү стандарттарын билүүсү
  • менторлук/коучинг, керектөөлөрдү аныктап чыгуу, окутуу, журналисттер үчүн жеке пландарды түзүүдөгү тажрыйбасы
  • медиаконтентти өндүрүү жаатындагы билими бар
  • медиа уюмдарын, долбоорлорун, багыттарын координациялоо жана /же башкаруудагы тажрыйбасы бар
  • презентация даярдоо жана тренингдерди өткөрүү жөндөмдөрүнө ээ

Аймактык журналистика боюнча координатор орунуна талапкер кыргыз тилин мыкты билиши керек (оозеки, жазуу) жана КРнын аймактарына иш сапарларга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл.

Интерньюс кеңсесинде иш орду менен толук иш күнү болжонот.

Келишим мөөнөтү: 2021-жылдын январь-декабры

Тандалган талапкерлер маектешүүгө чакырылышат.

Арыз формасын 2021-жылдын 15-январы саат 18.00дөн кеч эмес

БУЛ ЖЕРДЕН толтуруу керек.

Суроолор пайда болгон учурда Назик Чекировага [email protected] дареги боюнча кайрылууга болот.

Булак:  https://internews.kg/

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button