Кызыл ашыктын шишип калышы кан басымынын жогору экенинен жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан кабар берет. Бул тууралуу улуу британиялык Blood Pressure уюмунун адистерине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, кан басымдын жогорулугу кан тамырларга күч келтирип, шишитип жиберет.

«Кызыл ашыктын шишип кетиши кан басымынын жогорулугун жана жүрөк кемтиги бар экенин билдирет. Жүрөктүн тамырлары кысылып турса, кан айлануу начарлап, суунун баары ылдый түшүп бутка топтолот. Ошондон улам шишик пайда болот», — деди адистер.

Мындан тышкары, бут боор жана бөйрөк сыяктуу өтө маанилүү органдардын начар иштешинен улам да шишиши мүмкүн деп кошумчаланды.