Коом

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Эртең өлкө боюнча күн ачык болуп, кар жаабай тургандыгын синоптиктер кабарлады. Бирок айрым аймактарды туман каптайт.

Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -13…-18, күндүз -2…-7, Талас аймагында түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…+4 градус болот. Туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында термометр түнкүсүн -5…-10ду, ал эми күндүз -1…+6 градусту көрсөтөт.

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5 градустун тегерегинде болот.

Ал эми Нарында түнү суук катуу болуп, -20…-25 градуска жетет. Күндүз салыштырмалуу аяздын каары азайып, термометр -5…-10 градусту көрсөтөт.

Ордо калаа Бишкекте түнкүсүн -14…-16, күндүзү -3…-5, Ош шаарында түнкүсүн -8…-10, күндүз +4…+6 градус болот.

Синоптиктер бардык аймактарда жолдор тоңуп, тайгалак болорун эскертишти.

Эртең эң жылуу аба ырайы Ош шаарында (+6 градус), ал эми эң суук температура Нарындын тоолуу аймактарында катталып, тагыраагы, -25 градуска чейин жетери айтылды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button