2021-жылдын январь айынын башы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын  ведомстволук милиция полктун өздүк курам тарабынан жардам катары чогултулган акча каражаттарга Краснореченская жалпы билим берүүчү жана көмөк көрсөтүүчү интернатынын балдарына Жаңы жылдык майрамы менен куттуктап, полк командиринин кадрлар боюнча орун басары, милициянын полковниги Айтмамат Мавлянкулов жана кадрлар  тобунун тарбия иштери боюнча инспектору, милициянын ага лейтенанты Жылдыз Байзакова балдардын ар бирине белектерин тапшырып келишти.

Жыйынтыгында милициянын полковниги Айтмамат Мавлянкулов Краснореченская жалпы билим берүүчү жана көмөк көрсөтүүчү интернатынын балдарына каалоо тилегин айтып, жаңы жылы менен куттуктады.

 

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы