18-январдан баштап Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча учуулар калыбына келтирилет.Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, каттам жумасына бир жолу — дүйшөмбү күндөрү аткарылат.

«Исфана» аэропорту 1970-жылы курулуп, колдонууга берилген. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин комиссиясы «Исфана» аэродромунун заманбап талаптарга жооп берүү абалын текшерген. Иштин жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталып, аэродромду пайдалануу тастыктамасы жокко чыгарылган.

Буга байланыштуу 2019-жылдын апрель айынан баштап, Бишкек — Исфана — Бишкек каттамы аэродромдун пайдалануу тастыктамасынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган.

2020-жылдын 7-декабрында аба майдандын иши жанданып, ага белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган.