Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 1-январдан 7-январга чейинки аралыкта жол эрежесин бузган же каттоо нөөмөтү өтүп кеткен 252 чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу автоунаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 161 транзиттик номур, 58 — Россиянын номуру, 4 — Армениянын номуру, 6 — Азербайжандык номур жана башка 23 чет өлкөлүк номурлуу автоунааларга карата Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексинин негизинде тиешелүү протоколдор түзүлүп, айдоочуларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле 5 чет өлкөлүк номурлуу унаанын каттоо мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулду.

«Милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номурлуу автоунааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат», — деп айтылат маалыматта.

Булак: Кабар.кж