Мындай маалыматты фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына Бишкек ЭЭАнын директору Кудрет Тайчабаров жазып чыкты:

«Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» деген макал аябай жагат. Ошону эске алып «Манас» дегенде 3 күн, 3 түн уктабай койчу мекенчил агабыз Дөөлөт Сыдыковду кабинетке чакырып, «Манас» айылына жетекчи болбойсузбу деген сунуш менен кайрылсам, агабыз бул сунуш күтүлбөгөн өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган жаңылык экенин айтып, көпкө ойлонуп макулдугун берди. Өзү үчүн да өлкө үчүн да тарыхий окуя экенин жашырбады.

«Манас» айылына директор болсо чын дили менен кызмат кылып, кайсы эшик болбосун кагуусуз кирип, демөөрчүлөрдү тартып, тарыхий, маданий баалуулугубузду сактап гана калбай, өнүктүрө алат деген ойдо бул чечимди кабыл алдым. «Манас» айылы президенттин иш башкармалыгынын балансында болгону менен, СЭЗге оперативдүү башкарууга берилген. Башкача айтканда биз багып келебиз, сөөгү Ак үйдүкү. Жакын арада «Манас» айылы маданият министрлигине өтүшү мүмкүн. Өтсө да Дөөлөт Сыдыков коллективи менен өтсө, «Манас» айылын башка максатка колдонууга жол бербейт деп ойлойм. Чынында азыр «Манас» айылынын функциясын кыргыз жыттанып «Супара» эс алуу борбору аткарып жатат.

Коомчулук колдоп ийсе, Дөөлөт Сыдыков «Манас» айылы туристтер суктанчу жерге айланат деп ойлойбуз. Кандай дейсиздер, туура чечимби? — дейт Тайчабаров.