Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаарындагы бөлүмү иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду күбө катары суракка чакырды. Бул тууралуу жураналист өзү кечээ, 27-январда билдирди.

Исаковдун айтымында, аны мекеме Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Ош облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айбек Токоевдин иши боюнча күбө катары чакырган.

«Өзүн УКМКданбыз деп тааныштырып, 2-3 күндөн бери чалып жатышат. Айылда элем, бүгүн да байланышты. Айылдан азыр келдим, эми барам», – дейт ал.

Булак: NazarNews.kg