Казакстандын Алматы шаарында 1-февралдан тарта карантин чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин шаардагы коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча мындан ары чектөө чаралары жөнүндө жаңы жарлыкка кол койгон.

—“Шаардагы соода жана көңүл ачуу борборлорунун, соода түйүндөрүнүн иш күндөрү саат 10:00дөн 20:00гө чейин чектелет. Ал эми, ишемби жана жекшемби күндөрү аталган жайлардын иштөөсүнө тыюу салынат”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg