2021-жылдын 28-январь күнү Бишкек шаарында жаңы тандалган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  инаугурациялык аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын имаратында өттү. Ички иштер органдары башка укук коргоо органдары менен биргеликте  инаугурация учурунда коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздашты.  Чет өлкөлүк маалыматтык агенттиктердин берген баасы боюнча бул маанилүү иш-чара жогорку деңгээлде өткөн.

Мамлекеттин башчысы кызматына киришүү салтанатуу иш-чарасын өткөрүү учурунда Бишкек шаарында жолдорду жабуу жана чектөөлөрдү киргизүү болгон жок. Мамлекеттик маанилүү иш-чараны өткөрүүдө коомдук тартиптин бузулушуна жол берилген жок.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Бишкек шаарыныны тургундарына жана укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти жана жол коопсуздугун  сактоо боюнча көрүлгөн чараларына жана кызматтык милдеттерин аткаруусуна түшүнүү жана  толук жоопкерчилик менен мамиле кылгандыктарына терең ыраазычылыгын билдирет.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы