Нуркамал Асканова президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эске сала кетсек, президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нургазы Анаркулов ээлеген кызматынан бошотулган.