Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Нургазы Анаркуловдун үстүнөн арыз жазган киши көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ага байланыштуу Анаркулов үй камагына чыгарылды.

30-январда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Нургазы Анаркулов «Пара талап кылуу» беренеси менен кармалган  болчу. Ал 48 саатка камакка алынган. Бирок 1-февралдын кечинде Жогорку соттун басма сөз кызматы анын иши сотко келип түшпөгөнүн билдирди.

Булак: racurs.kg