Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго карата баш коргоо чарасы 2021-жылдын 10-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу  Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаевдин баш коргоо чарасын 10-апрелге чейин узартты.

Эскерте кетсек, Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаев 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча кармалган. Аталган иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков дагы өтүүдө.