Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кеңешменин жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча интеграциялык кызматташтыкты күчтөндүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Кеңешменин алкагында Улукбек Мариповдун Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу жолугушуулары орун алды.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов ошондой эле «Almaty digital Forum» 2021 санариптик форумунун «Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы рынок» жалпы сессиясына катышты.