Жакында Жогорку Кеңештин депутаттарынын Бишкектеги мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө бардыгы билет. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында мэрдин милдетин аткаруучу  Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, инвентаризациядан кийин ким жана кайсы жерлер мыйзамсыз алгандыгы жана бюджетке салык төлөбөгөндүгү белгилүү болорун айтты. Ал ЖКнын жана шаардык кеңештин депутаттарын ачыкка чыгараарын баса белгиледи.

“Жогорку Кеңеште жана шаардык кеңеште борбордогу бизнеске байланыштуу депутаттар бар. Алардын айрымдары мыйзамсыз иштер менен алектенишет. Жакында Жогорку Кеңештин депутаттарынын мындай иш-аракеттери жөнүндө билесиздер, биз ачык көрсөтөбүз. Ар нерсенин өз убактысы бар”,-деди Түлөбаев.