Кытайдан ишкерлердин товарлары поезд аркылуу ташыла баштады. Бул тууралуу  вице-премьер-министр Артём Новиков Фейсбуктагы баракчасына   бөлүштү.

“Бүгүн бизде маанилүү окуя болуп жатат. Кытайдан алгачкы 47 вагон жүк поезд менен келди. Бул контейнерлерде биздин Дордойдо, башка базарларда иштеген ишкерлердин жүктөрү бар. Ал экспресс каттам менен Кытайдын Үрүмчү шаарынан түз келди.  Белгилүү болгондой, акыркы үч айда КРнын ошол кездеги премьер-министри, учурдагы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бир топ иштер аткарылды, анын ичинде Кытай менен аймакка жүк ташуунун санын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр болду”, — дейт ал.