Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова КР Президенти Садыр Жапаровго өтүнүчүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

«-Садыр иним, 2010-жылдан бери саясатта бирге келе жатабыз… ийгиликтерди, оор күндөрдү бирге өткөрдүк. Кандай кырдаал болбосун, мен сени таштабадым, сатпадым, колуман келишинче колдоп келе жатам, абийиримдин алдында тазамын.

Бүгүн, бир чындыкты коом аркылуу айтып коюну чечтим. Биринчиден, айлана-чөйрөңдү тазалабасаң болбой калды, ачыгын айтайын коррупционерлер, олигархтар, ач көздөр ороп алышты сени. Алардын максаты, өз кызыкчылыктарын чечип алуу, эл үчүн күйгөн жок алар.

Экинчиден, кадр маселесинде чебер, өтө кылдат, аяр мамиле жасоо менен, ар бир кадр жөнүндө шашпай досье алып кызматка койсоңор туура болмок.

Алдын-ала айтканым, сенин тагдырыңа азырынча кайдыгер эмес экенимди далилдейт. Убакыт тар, бир күнүң текке кетпесе, элдин үмүтү, ишеничи сенде” , — деди экс-депутат Жылдызкан Жолдошова.