Коом
Дүйшөмбүгө карата аба ырайы
15-февралда күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13…+18, Таласта +12…+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14…+19, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын жергесинде -4…+1 градус болот.
Бул күнү термометр Бишкекте +15…+17, Ошто +16…+18 градуска чейин көтөрүлөт.