Коллегиянын чечимине ылайык ички иштер органдарында  кадрдык жактан ротациялоо жүргүзүлүп, анын негизинде ички иштер органдарынын маанилүү кызматтарына кесипкөй жетекчилер дайындалгандыгын билдиребиз. Кадрдык өзгөрүүлөр башкаруу тутумун өнүктүрүүгө байланыштуу болгондуктан, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн натыйжалуулугун жогорулатууга,  сапаттуу кадрдык курамды негиздөөгө багытталган.

Жетектөөчүлүк кадрды ротациялоо-кадрларды тандоонун жана баалоо механизмин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө практикалык иштерге өзгөчө маани берүүгө убакыт келди. Ошондуктан ИИМдин борбордук аппаратынын маанилүү кызматына, областардын, Бишкек жана  Ош шаарынын  ички иштер органдарынын жетекчилик курамына өз ишинин кесипкөй кызматкерлери дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчилер калыптанып калган учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен мамиле кылып, көйгөй жараткан маселелер болсо чечүүнүн жолдорун табат. Кадрдык жактан сапаттуу тандоолор ички иштер органдарынын маанилүү ресурсу болуп саналат, укуктук тартипти камсыздоо  маселесинде ийгиликтерди жаратат жана ыкчам кырдаалды жакшыртууга өбөлгө түзөт. Ички иштер министрлигинин алдына коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу ички иштер органдарынын кадрдык потенциалы жогору жана сапаттуу болушу абзел.

Ошол себептүү коллегиянын чечиминин негизинде  жана атайын сынактардан ийгиликтүү өтүп ИИМдин буйругу менен жаңы дайындалган жетекчилердин алдында  ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда, коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жаңы заманбап ыкмаларды иштеп чыгуу, аны практикада пайдалануу багытында көптөгөн иштерди аткаруу милдети турат. Биз алардын ар бирине ишеним менен маанилүү милдеттерди жана тапшырмаларды коюп олтурабыз. Биздин башкы максат-Кыргыз Республикасынын жарандарынын бейпилдиги, коопсуздугу жана  укуктук тартиптин камсыздалышы болуп саналат

ИИМдин Басма сөз кызматы