Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Суваналиев буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалаган. Жээнбеков кызматтан кетер алдында жумуштан алынган болчу.

Аталган облусту Суваналиевге чейин Жаныбек Жалалов башкарган.