Коом

Депутат Тиллаев да Матраимовду колдоо митингине катышты

Бүгүн, 19-февралда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митингге чыкты.

Алар УКМКнын имаратынын алдынан Биринчи май райондук сотунун имаратына чейин жөө жүрүш жасашты. Топтолгондор «Райымга боштондук», «Матраимов качкан жок» деген плакаттарды көтөрүп алышкан.

Тынчтык митингине чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, журналист Элнура Алканова, коомдук ишмер Шайлообек Атазов да бар.

Ушундай эле митинг Кара-Суу шаарында, «Ысмайыл ата» мечитинин жанында өтүп жатат.

Эске салсак, Райымбек Матраимов 18-февралда кайра камакка алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, ал кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга айыпталууда.

Ошондой эле УКМК Райымбек Матраимовго карата сотко чейин өндүрүш уланып жатканын, бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка айтылып турарын маалымдашты.

Ага карата тергөө бүткүчөктү, 48 сааттын ичинде сот баш коргоо чарасын карайт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button