Россия Федерациясы Кыргызстанга мындан ары дагы колдоо көрсөтөт. COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө дагы жардам бермекчи. Бул тууралуу Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго билдиргенин РИА Новости жазды.

«Биз Кыргызстанга эпидемия менен күрөшүүдө жардам берип жаттык. Сиздер илдеттин жайылуусун ооздуктоодо, жуктургандардын санын азайтууда алгылыктуу иш алып барганыңыздарды белгилегим келет», — деди Путин.

Ал ошондой эле бул багытта кошумча чара көрүү керектиги боюнча кыргыз тараптын каалоосун Россия билерин айтты.
«Колдон келген бардык аракетти жасайбыз. Сиздерди мындан ары дагы колдойбуз», — деди Путин.
«Учурдан пайдаланып сизди Кыргыз өлкөсүнө чакырам. Өзүңүзгө ыңгайлуу күнү биздин өлкөгө расмий иш сапарыңыз менен келип кетиңиз», — деген Жапаров.

Жапаров чет өлкөгө болгон биринчи сапарын Россияга жасады. Ал бүгүн өкмөттүк делегация менен Москвага барган.