Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов бүгүн, 27-февралда Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин негизги аспектилерин, саясий жана дипломатиялык, чек ара, соода-экономикалык, транспорт, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда.