Бүгүн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда Мамлекеттик туу күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Иш-чара Мамлекеттик гимнди аткаруу менен башталып, салтанаттуу журуш менен аяктады.

 
1992-жылы 3-март – Кыргыз мамлекетинин кырмызы кызыл Туусунун күнү. Бул 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон тарыхый учурда болгон. Эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилер: Мамлекеттик туу, герб жана гимн.
“Манас” эпосунда: Ак асаба кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу, Көк асаба кызыл туу, Көк жаңырган улуу чуу” – деген саптар, Кыргыз элинде Мамлекеттин символу байыртадан бар экенин далилдейт. Бүгүнкүгө келсек, баарыбыз түбүндө бириккен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу кызыл түстө. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдик,тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк – үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкө калкынын биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.

ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы